Бүгүн, 30-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев BITF-2026 Бишкек эл аралык туризм жана меймандостук индустриясы көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун атынан катышуучуларды куттуктап, туризм өлкө экономикасынын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Биз ШКУнун бирдиктүү туристтик мейкиндигин түзүү, визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча демилгелерди жигердүү көтөрөбүз. Биздин максатыбыз - ШКУ мейкиндигин дүйнөнүн алдыңкы туристтик хабдарынын бирине айлантуу", - деп билдирди ал.
"Кыргызстан - бул ишенимдүү өнөктөш, инвестиция үчүн ачык өлкө жана коопсуз туристтик багыт. Тынчтык жана туруктуулук биздин өсүшүбүздүн негизин түзөт", - деп кошумчалады өкмөт башчы. Ошондой эле, эл аралык коомчулукту быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жыйынтыгында BITF-2026 катышуучуларына жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жана ийгиликтүү келишимдерди каалап, көргөзмөнү расмий түрдө ачык деп жарыялады.