Биз социалдык тармакта

Айтматов милициясы 9 миллион сомдук эстеликтин акчасын толук бербей качкан шектүүнү кармашты

Таласта ири суммадагы эстеликти жасатып, акчасын толук бере албай калган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылды. Ал өз арызында 2025-жылдын май айында Талас облусунун 1968-ж.т. А. аттуу жараны алдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 9 миллион сомдук эстелик жасатуу боюнча буйрутма берип, алдын ала 3,6 миллион сом төлөгөн. Кийин аны ала албастыгын билдирип, 5,4 миллион сомду төлөбөй качып кеткендиги аныкталган.

Шектүү катары Айтматов районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан