Биз социалдык тармакта

Таласта 5 миң орундуу жаңы стадион: Курулуш кызуу жүрүүдө

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган заманбап стадиондун курулушу активдүү жүрүп жатат. Министр объекттин сапатына жана курулуштун ыргагына өзгөчө көңүл буруп, стадион эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр да курулат.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объектти быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан