
Ош шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
“Өлбөс полк” жөө жүрүшү саат 09:00дө Асранкулов көчөсүнөн башталып, Баялинов атындагы көчөгө чейин уланат.
Анын алкагында жарандар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.