Иран Перс булуңундагы коопсуздукту өз алдынча камсыздап, Ормуз кысыгын башкарууну улантарын өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Иран өз мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде аймактагы коопсуздукту камсыздап, тышкы күчтөрдүн таасирин азайтууну көздөйт. Ошондой эле ал Перс булуңундагы туруктуулук чет элдик аскерий катышуусуз да камсыздала аларын белгилеген.
Хаменеи регионду жаркын келечек күтүп турганын айтып, коопсуздук маселелеринде Иран негизги ролду ойной турганын кошумчалады.
Бул билдирүү Перс булуңунун күнүнө карата жасалган кайрылуунун алкагында айтылды.