Биз социалдык тармакта

Иран президенти: “АКШнын деңиз блокадасы дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратат”

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ тарабынан киргизилген деңиз блокадасы дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч туудурарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, мындай чаралар аймактагы гана эмес, глобалдык деңгээлдеги экономикалык жана коопсуздук абалына терс таасир этет. Президент белгилегендей, Иранга каршы басым ыкмалары өзгөрүп, түз аскердик аракеттерден экономикалык чектөөлөргө өткөн.

Мындан мурда АКШ президенти Дональд Трамп Иран өзүнүн ядролук программасынан толук баш тартмайынча деңиз блокадасы улантыларын билдирген. Ал бул ыкма аскердик соккуларга салыштырмалуу натыйжалуу экенин белгилеген.

Иран тарап болсо деңиз соодасына коюлган чектөөлөр өлкөгө гана эмес, эл аралык соода байланыштарына да таасир этерин айтып, мындай саясатты сынга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан