Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө геопарктар боюнча симпозиум өтүүдө

Кажы-Сай айылында "Кыргызстандын тоолуу аймактарында геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү" темасында симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катышуучулар геопарктар аркылуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү, экотуризмди жайылтуу жана табигый-маданий мурастарды сактоо маселелерин талкуулашууда.

Өзгөчө көңүл Тескей геопаркы, Мадыген геопаркы жана Ош облусундагы долбоорлорго бурулду.

Жыйын Кыргызстанды ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан