Бишкекте балдар үйүнүн тарбиялануучулары башка интернаттын күзөтчүсүн сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, 28-апрелде Свердлов райондук милициясына балдар мекемелеринин биринин күзөтчүсү арыз менен кайрылды. Ал ошол күнү түнкү саат 01:50 чамасында башка балдар мекемесинин тарбиялануучулары уруксатсыз аймакка кирип, коомдук тартипти бузуп, анын денесине жаракат келтиргенин билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга катышкан үч жашы жете элек өспүрүм аныкталып, тергөөгө жеткирилди. 2008-жылы туулган Р.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калган өспүрүмдөр кайрадан баш калкалоочу жайга жайгаштырылды.
Тергөө иштери уланууда.