Биз социалдык тармакта

ИИМ май майрамдарында коопсуздук чараларын күчөтөт

Ички иштер министрлиги алдыда келе жаткан майрам жана эс алуу күндөрүнө байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын билдирди.

Майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо, мыйзамдарды так аткаруу, ошондой эле эс алуу жайларында жана коомдук жерлерде коопсуздук эрежелерин сактоо чакырылат.

Балдарды кароосуз калтырбоо, суу жээктеринде жана тоолуу аймактарда этият болуу, жол эрежелерин бузбоо өзгөчө эскертилет.

ИИМ жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого үндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан