Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин жана JICA эл аралык уюмунун делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Жапониянын ТИМинин өкүлдөрү, JICAнын Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин жетекчилиги жана уюмдун Кыргызстандагы өкүлү катышты.
Тараптар Кыргызстанда ишке ашып жаткан JICA долбоорлорунун натыйжалуулугун жогору баалап, транспорт, энергетика жана санариптештирүү багыттарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин карашты.
Депутат Рахат Жунушбаева эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоодо гуманитардык жана маданий алмашуулар өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.