Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май – эмгек майрамы менен куттуктады. Өкмөттүн маалымат кызматы анын кутуктоо сөзүн жарыялады.
Касымалиев ар бир жетишкендиктин, ар бир ийгиликтин артында маңдай тери менен эмгектенген адамдардын аракеттери турарын белгиледи.
"Дүйнө падышасы эмгек болот” деп XIX кылымда акылмандын жазганы накта чындык экенин далилдеп, айрым өлкөлөр өздөрүнүн эмгеги, экспортко чыгарган товарлары аркылуу дүйнө жүзүндөгү элдердин арасында таасирдүү абройго, экономикалык жана саясий күч-кубатка ээ болушту.
Бүгүнкү күндө күжүрмөн элибиздин күрдөөлдүү эмгеги менен Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоодо. Эмгекчилердин укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү, иш менен, социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу мурдагыдан кыйла жакшы ишке ашууда.
Бул майрам ар бириңиздерге жакшы маанай, жаңы дем-күч жана ийгилик алып келсин. Эмгекке жараша береке болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана ынтымак өкүм сүрсүн. Жаздын жаркын күнү жүрөгүңүздөргө жылуулук тартуулап, келечекке болгон ишенимиңиздерди бекемдесин", - деп айтылат куттуктоодо.