Ысык-Көл облусунда баңгизатын сатуучулар кармалды

Ысык-Көл облусундагы атайын жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө баңгизатын сатуучулар кармалды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
 Маалыматка ылайык, 25-январда милицияга Эрлан аттуу жигиттин маңзат сатууга аракеттенип жатканы боюнча маалымат түшкөн. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз баңгизатын ташууга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери сатып алуучу катары кафелердин бирине жолугушууну белгилешкен. Натыйжада Ак-Суу районунун 17 жаштагы тургуну 110 грамм гашиш менен кармалган.
 Мындан сырткары 26-январь күнү жогорудагы райондун  50 жаштагы жашоочусунун үйүндө 2 килограмм гашиш табылган. Ошондой эле мыйзамсыз сактаган куралын да алышкан.
 Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан