
Нарын облусунда "Теңир-Тоо Экспорт" компаниясы ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалымдалгандай, компания койдун жүнүн, топоздун тыбытын жана башка мал чарбачылыгынан алынган чийки заттарды кабыл алып, экспортко жөнөтүү багытында иштейт. Ишкана кара жүндү 15 сомдон жогору, ак жүндү 40 сомдон жогору, ал эми топоздун тыбыты 200 сомдон жогору баада сатып алат.