Ноокат районундагы селден улам электр мамычасы жыгылып, Тескей Кожокелен айылындагы 80 турак үй электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматта ошондой эле Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 26-27-чакырымдар аралыгында сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылганы айтылат. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.