Ош шаарында мектеп мугалимдери арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чара 24-январда "Достук, биримдик, педагогикалык чыгармачылык" аттуу ураандын алдында, мектептердеги дене тарбия мугалимдеринин арасында футбол, волейбол, тогуз коргоол жана шахмат оюндары боюнча өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.
"Мелдешке шаар мектептеринин мугалимдери «Барсбек», «Курманжан датка», «Амир Темур», «Ак-Буура» 4 командага бөлүнүшүп, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана атайын кубоктор менен сыйланышты. Мындай иштер дагы уланат",- деди Кимсанов
Жакында мектеп директорлорунун арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурулмакчы.