Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 9-май – Улуу Ата Мекендик Жеңиш күнүнө арналган тематикалык видеоролик даярдады.
Маалыматка ылайык, видеонун негизине советтик классикалык аскердик драма "А зори здесь тихие…" тасмасынан айрым көркөм элементтер колдонулган. Анда согуш жылдарындагы аялдардын кайраттуулугу, туруктуулугу жана өзүн курмандыкка даярдыгы чагылдырылган.
ИИМ кызматкерлери бул видео аркылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын эрдигин эскерип, алардын элесин урматтоону максат кылышкан.