6-майдан тарта Instagram социалдык тармагы дүйнө жүзү боюнча ботторду жана фейк аккаунттарды массалык түрдө өчүрө баштады.
Мунун кесепетинен көптөгөн атактуулар, блогерлер жана контент жаратуучулар бир түндүн ичинде миңдеген, атүгүл миллиондогон катталуучуларынан айрылышты.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, катталуучулары азайган аккаунттардын арасында Кайли Женнер, Криштану Роналду жана BLACKPINK тобунун мүчөлөрү да бар.
Колдонуучулар Instagram эч кандай эскертүүсүз эле катталуучулардын санын кескин азайтканын жазышууда. Маалыматтарга караганда, платформа жасалма, активдүү эмес жана шектүү аккаунттарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.