Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги чет элдик дипломаттарды жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн коопсуздук максатында эвакуациялоого чакырды. Бул тууралуу Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва 9-май майрамына карата мүмкүн болгон чабуулдарга жооп кайтарыларын эскертип, Киевге сокку урулушу ыктымал экенин билдирди.
Өз кезегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны ок атышууну токтотуу режимин бузду деп айыптап, жооп болорун айтты.
Буга чейин Орусия 8–9-май күндөрүнө убактылуу ок атышпоо режимин жарыяласа, Украина “тынчтык режимин” 6-майдан тарта киргизгенин билдирген.