Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы райондорунда жана Манас, Таш-Көмүр шаарларында болду. Мындан тышкары Ош облусунун Өзгөн районундагы сел коркунучу бар объектилер менен жеринде таанышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө министр табигый кырсыктын кесепеттерин жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууларда көйгөйлүү маселелер жана сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча жарандардын сунуш-пикирлери талкууланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга кооптуу тилкелерде алдын алуу иштерин күчөтүү, жээктерди бекемдөө жана кошумча коргоо чараларын көрүү тапшырылды.