Теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилигин Станислас Вавринка утуп алды

Кечээ, 26-январда Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилиги аяктап, эркектер арасындагы жекеликтин финалдык беттешинде швейцариялык Станислас Вавринка испаниялык Рафаэль Надалды утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы швейцариялык теннисчи атаандашын 4 сеттин жыйынтыгында утуп алды (6:3, 6:2, 3:6, 6:3). Кошумчалай кетсек, рейтингде 8-орунда турган Станислас Вавринка ушул эле мелдештин чейрек финалында сербиялык Новак Жоковичти утуп алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан