
Ош шаарындагы бардык каналдардын жээктери башаламан курулуштардан бошотулуп, көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-май күнү Ош шаарынын мэри
Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээктериндеги абал менен жеринде таанышып жатып билдирди.
Кыдыруунун жүрүшүндө шаар башчысы каналдын корук аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды тез арада алып салуу, көрктөндүрүү, жээктерин иретке келтирүү жана бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга жеринде тапшырма берди.