Ош облусунун Араван райондук прокуратурасы Төпө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Мга карата кылмыш ишин козгоду. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “пара талап кылуу” беренеси боюнча айып тагылууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчысы жер тилкесин берүү үчүн А.Н. аттуу жарандан 1000 доллар акча талап кылган.
24-январдагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан 400 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Х.М. кармалган. Азыркы тапта аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.