Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы Ош шаарында салтка айланган "Өчпөс полк" жүрүшү менен башталды. Эртең менен шаардын негизги Алымбек датка көчөсүн бойлой борбордук аянтка чейин миңге чукул калаа тургуну чогулуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүшкөнүн мэриядан билдиришти.
Жүрүшкө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозалиев, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин да катышты.
Мэр жүрүшкө Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтүн көтөрүп чыкты.
Иш-чаранын соңунда калаа тургундарына майрамдык маанай тартууланып, концерт уюштурулду.