Каракол шаарында 9-май — Жеңиш күнүнө карата масштабдуу “Өчпөс полк” жүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары жана коноктор катышып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарынын, чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүрүшкө 2 миңден ашуун адам катышып, ар кандай курактагы катышуучулар бир үй-бүлө болуп өз баатырларын эскеришти. Аларды Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов өзүнүн чоң атасы Сатынды Имановдун сүрөтүн көтөрүп баштап берди. Ошондой эле Орусиянын эл артисти Николай Басков да чоң атасынын сүрөтү менен жүрүшкө катышты.
Мэр өз сөзүндө согуш мезгилинде фронтко кеткен жердештердин жана тылда эмгектенген адамдардын эрдиги жөнүндө айтып, алардын мурасы кийинки муундар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Жүрүш Каракол шаардык мэриясынан башталып, Жеңиш паркына чейин уланды. Ал жерде митинг-реквием өткөрүлүп, курман болгондордун элесине бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды, гүлчамбарлар коюлду жана согуш жылдарындагы ырлар аткарылды.