Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнө 30 миңден ашуун жаран катышты (видео)

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө 30 миңден ашуун жаран катышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын 3 миңден ашуун кызматкери тартылган.

"Көрүлгөн чаралардын, милиция кызматкерлеринин ырааттуу ишинин жана катышуучулардын жогорку жарандык жоопкерчилигинин аркасында иш-чара тынч өттү. Коомдук тартипти бузуу жана өзгөчө кырдаалдар катталган жок", - деп айтылат маалыматта.



Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнө 30 миңден ашуун жаран катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан