Биз социалдык тармакта

Ошто Жеңиш күнүнө карата Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көчөдө кызыл сызыкка чыккан курулуштар жылдырылып, электр мамычалары жаңыланды. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тутумдар жасалды.
Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри тургундарды жолдун ачылышы менен куттуктап, азыркы тапта шаарда 50 чакырымга чукул жол жасалып жатканын кошумчалады.
Ошто Жеңиш күнүнө карата Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан