Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан оргумаларда сууга түшкөн кыз менен жигит аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Эскерте кетсек, 9-майда социалдык тармактарда аянтта кыз менен жигиттин жосунсуз жоруктары тартылган видеосу тарады.
Аталган маалымат каттоого алынып, райондук милиция тарабынан текшерүү иштери башталды. Натыйжада 1991-жылы туулган Ж.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) жана 109-беренеси (Жалган маалыматтарды таратуу) боюнча протоколдор түзүлдү.
Милиция жарандардан коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоого чакырат.