Аламүдүн районунда пара талап кылган салык кызматынын инспекторуна карата кылмыш иши козголду

Аламүдүн районунда пара талап кылган салык кызматынын инспекторуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Салык кызматынын Аламүдүн району боюнча инспектору Д.Р. кармалды. Ал жеке ишкерден текшерүүнүн жүрүшүндө кирешелер боюнча мыйзам бузууларды таап, аларды жашыруу үчүн  1,5 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган.

Ал Салиева көчөсүндө 50 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, инспектор убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Чара колдонуу боюнча соттук отурум бүгүн, 27-январда өтөт. Тергөө жүрүп жатат.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ms-23
2014-01-27 14:22:01
оппаа дагы бироо паракор,КГ кичине болсода алдыга кадам таштады,бир кундо эле мен билгенден торт паракор кармалды,кубанычтамын)
0
Murok
2014-01-27 14:26:01
А салыкчылардын устунон ким паракор билесинерби? Паракор лорду н-да паракорлору бар ....
0
misha00
2014-01-27 14:33:04
Аракетке береке!баарынар курошкуло кыргызстанды онуктуробуз!!!
0
barsa1984
2014-01-27 22:35:23
Эми ошону кармап ашкере кылгандарды сот уят кылбаса болду күнөөсү жок деп актап салып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан