Орусиянын Смоленск облусундагы Капыревщина айылындагы мектеп окуучулары “Жеңиш күнү” аттуу ырды кыргыз тилинде да аткарышты.
Маалым болгондой, аталган мектепте өткөн иш-чара Улуу Жеңиш күнүнө арналган. Анда окуучулар кыргыз тилиндеги ырды аткарып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратууда.
Социалдык тармактарга тараган видеодо окуучулар ырды сахнада хор менен аткарып жатканы көрүүгө болот. Көпчүлүк бул демилгени жылуу кабыл алып, кыргыз тилине болгон урмат-сыйдын белгиси катары баалашууда.