
Ош шаарынын мэри
Жанарбек Акаев 11-майдан тартып шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда мэриянын маалымат кызматы билдирип, жолугушуулардын тизмесин жарыялады.
Маалым болгондой, жолугушуулар 7 аймактык жана айыл аймактык башкармалыктарда бекитилген графиктерге ылайык өткөрүлөт.
Эскертек кетсек, президент Садыр Жапаров Ошко болгон сапарынын алкагында 11-майдан тартып өлкө боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эл менен жолугушууларды өткөрүүнү тапшырган.