Бүгүн, 11-майда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, учурда сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылууда. Жол ачык, автоунаалар үчүн каттам бар.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда этият болууга чакырды.