Бишкекте мугалимди түртүп жиберген 16 жаштагы окуучуга сот өкүмү чыкты.
Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, өкүм 30-апрелде чыккан. Окуучу Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык пробацияга жазаланды.
Эске салсак, февраль айында окуучу бала мугалимди түртүп жиберген. Мугалим милицияга арыз менен кайрылган.