Ош шаарынын мэри Жанар Акаев калаа тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда сөз сүйлөгөндөрдүн бири Акаевден катуураак болууну өтүнүп, кол астындагыларды тазалоону сунуштады.
"Сен катуу болушуң керек экен. Жеңишбек Токторбаев (ред:. Оштун мурунку мэри) баарын аңтар-теңтер кылып, 40 жылдан бери жасалбай турган жолдорду оңдоп койду. Жаныңдагыларды тазала, эч эле иштешкен жок. Ош нөл",- деди ал.