Биз социалдык тармакта

Хантавирус чыккан круиздик лайнерден эвакуацияланган америкалыктар АКШга жетишти

АКШга хантавирус катталган MV Hondius круиздик лайнеринен эвакуацияланган 17 америкалык жаран жеткирилди. Бул тууралуу NBC телеканалы маалымдады.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү алар мекенине кайтып келе жатканын маалымдаган. Эвакуацияланган адамдардын биринде хантавирустун жеңил белгилери байкалса, дагы бир адамдан вирустун Анд штаммы аныкталды.

Өлкөгө келгенден кийин бардык жүргүнчүлөр медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Ооруган бейтаптар өзүнчө медициналык борборго жеткирилери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан