Милиция Бишкектеги автобуста кызга ыдык көрсөткөн эркек кишинин өздүгүн аныктоого киришти.
Социалдык тармактарга коомдук унаада тартылган видео тарады. Анда эркек киши кызга атайын жабышып турганы көрүнөт. Видеонун автору ага эскертүү бергенден кийин, ал автобустан түшүп кеткенин айткан.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт каттоого алынганын, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын жана бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.