Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 12-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот 1-майда аны үй камагына чыгаруу боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Экс-депутат 20-апрелде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган. Ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан деп шектелүүдө.