Түштүк Кореянын бийлиги ушул айдын башында Ормуз кысыгында кореялык жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулду кескин айыптады. Расмий Сеул кол салууну ким уюштурганы аныкталгандан кийин тиешелүү жооп чаралары көрүлөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү болгон чабуулдан кийин HMM компаниясына таандык Namo жүк ташуучу кемесинин мотор бөлүгүндө өрт чыккан.
Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ви Сон Лактын айтымында, кеме окуя болгон учурда Бириккен Араб Эмирликтерине жакын аймакта эч кандай эл аралык эрежени бузбастан жүрүп жаткан.
Сеул бул окуяны коммерциялык кемеге карата негизсиз чабуул катары баалап жатат.
"Биз муну катуу айыптайбыз",- деди Ви Сон Лак. Анын айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү Дубайда түштүк кореялык адистер жана расмий өкүлдөр жүргүзгөн экспертизанын жүрүшүндө аныкталууда.
Ошондой эле ал чабуулга Ирандын тиешеси бар-жогу азырынча так аныктала элек экенин белгиледи.
Тегеран буга чейин бул окуяга катышы жок экенин билдирген.
Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп окуядан көп өтпөй Иран кореялык кемени аткылаганын айтып, Түштүк Кореяны Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Вашингтон жетектеген аракеттерге кошулууга чакырды.