Ош шаарындагы “Аль-Мансур” кафеси толугу менен бузулду. Бул тууралуу 12-майда шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бузуу иштери шаар мэри Жанар Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлгөн.
Учурда аталган аймакта курулуш калдыктарын тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.