Бүгүн, 12-майда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.
Жергиликтүү тургун жыйында ооруканада болгон окуяны ортого салды. Анын айтымында, "Тез жардам" кызматынын унаасынын айдоочусу Кеминден Токмокко барганга чейинки чыгымды төлөп берүүнү талап кылган.
"Менин кызым жакында төрөдү. Кемин районундагы төрөт үйүнө келип, дарыгерлер атайын которуу менен Токмокко жиберип жатышат. Эшикке чыгып "Тез жардам" унаасына салышса, күйүүчү май куйгула деп жатат. Ушул кантип болсун? Шаардык төрөт үйүнө барсак, жарым сааттык эле өмүрү калыптыр дешти. Ушундай жоопкерчиликсизден аялдардын өлүмү көбөйүп жатат да",- деди тургун.
Ага улай жолдошунун бөйрөгү ооруп, шишип, ооруканага барса жылына эки гана ирет дарылана турганын айтып жатышканын билдирди.