Жогорку Кеңештин комитети "Ички аудит жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Ички аудит жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документ мамлекеттик мекемелерде каржы көзөмөлүн күчөтүп, ички аудит системин жакшыртууга багытталган.
Жыйында депутаттар аудитти санариптештирүү, маалымат коопсуздугу, аудиторлордун көз карандысыздыгы жана коррупцияны азайтуу маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. Анда электрондук акчаларды мурастоого уруксат берүү каралган.