Орусиянын Краснодар аймагындагы мектептердин биринде 9-класстын окуучусу ок чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аймактын губернатору Вениамин Кондратьевге таянып жазышты.Анын айтымында, окуядан эки окуучу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп баалашууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал экзаменден өтпөй калганына ачууланып, мектепке пневматикалык курал алып келген. Кол салуудан кийин өспүрүм качууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.