Биз социалдык тармакта

Салтанат Нукенованын агасы менен Бишимбаевдин карындашынын соту: Сот кандай чечим чыгарды?

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда маркум Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангелди менен Нукенованын өлүмү үчүн соттолгон мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин карындашы Аружан Бишимбаеванын ортосундагы сот иши кызуу талкууга түштү.

Instagram`дагы билдирүүлөрдөн улам башталган бул жаңжал коомчулуктун көңүл борборуна айланып, Threads жана башка социалдык тармактарда кеңири тарады.

Социалдык тармактагы билдирүү чоң талкуу жаратты

Алгач Threads платформасында интернет колдонуучулардын бири сот ишинин маңызы тууралуу кыскача маалымат жарыялаган. Пост кыска убакытта эле дээрлик жарым миллион көрүүгө жетип, интернет колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан.

Айрымдар Аружан Бишимбаеванын билдирүүлөрүн туура эмес деп баалашса, башкалары бул жөн гана эмоция экенин айтып чыгышкан. Өзгөчө маркумдун агасына карата айтылган сөздөрдүн орундуулугу боюнча пикирлер экиге бөлүндү.

Чыр эмнеден улам чыккан?

Сот документтерине ылайык, 2025-жылдын күзүндө Аружан Бишимбаева Instagram`дагы тарыхчаларына Айтбек Амангелдиге карата бир катар эмоционалдуу билдирүүлөрдү жарыялаган.

Ал анда Салтанат Нукенованын трагедиясы коомчулуктун көңүлүн буруу жана пайда табуу үчүн колдонулуп жатканын айткан.

Аружан Бишимбаеванын айтымында, Айтбек Амангелди Куандык Бишимбаевдин атын пайдаланып, элдин көңүлүн бурууга аракет кылган.

Ошондой эле ал Амангелдинин Салтанат тууралуу китеп жазып, аны сатып акча таап жатканын билдирген.

Сот материалдарында Аружан Бишимбаева төмөнкүдөй сөздөрдү жазганы көрсөтүлгөн:

“Салтанаттын атын пайдаланып, жеңил акча табууга аракет кылдыңар.”

Мындан тышкары, ал Амангелдини “элдин боорукерлигинен пайда көрүп жатат” деп айыптаган.

Айтбек Амангелди сотко кайрылган

Айтбек Амангелди бул билдирүүлөр анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган.

Ал Аружан Бишимбаеванын айткандарын жалган маалымат катары таанууну жана аны төгүндөөнү талап кылган. Моралдык чыгымды болсо символикалык түрдө 100 теңге деп баалаган.

Белгилей кетсек, бул Айтбек Амангелдинин Бишимбаевдерге каршы биринчи доосу эмес. Мындан мурда ал Куандык Бишимбаевден моралдык чыгым үчүн 1,5 миллиард теңге өндүрүүнү талап кылган. Бирок сот анда 10 миллион теңге компенсация чектеген.

Экспертизалар эмне деди?

Сот учурунда бир нече лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн.

Доогер тараптын адистери Аружан Бишимбаеванын билдирүүлөрүндө кемсинтүү жана кадыр-баркка доо кетирүүчү сөздөр бар экенин белгилешкен. Алардын айтымында, “элди алдап жатат”, “пайда көрүп жатат” деген сыяктуу сөздөр факт катары кабыл алынышы мүмкүн.

Ал эми жоопкер тарап сунуштаган экспертизада бул билдирүүлөр субъективдүү пикир жана эмоция экени көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, аларды сөзсүз түрдө жалаа катары кароого болбой турганы айтылган.

Сот кандай чечим чыгарды?

Жыйынтыгында сот Айтбек Амангелдинин талабын жарым-жартылай канааттандырды.

Аружан Бишимбаеванын айрым билдирүүлөрү жалган жана ар-намыска шек келтирген деп табылды. Алардын арасында төмөнкү сөздөр бар:

  • “Салтанаттын атын пайдаланып жеңил акча табууга аракет кылдыңар”;
  • “Элди эки жылдан бери алдап, боорукерликтен пайда көрүп жатат”;
  • “Силердин адамдар коркутуу менен басым жасап жатышат”.

Соттун чечими менен Аружан Бишимбаева Instagram`дагы баракчасында бул сөздөрдү төгүндөөгө милдеттендирилди.

Ошондой эле ал Айтбек Амангелдиге 100 теңге моралдык компенсация төлөйт.

Мындан тышкары, аял экспертиза, мамлекеттик алым жана өкүл кызматтары үчүн бир миллиондон ашык теңге сот чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бирок соттун чечими азырынча күчүнө толук кире элек. Тараптар аны апелляциялык тартипте кайра каратууга укуктуу.

Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иш

Эске салсак, мурдагы министр Куандык Бишимбаев 2023-жылы жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөнү үчүн кармалган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, экөөнүн ортосунда Астанадагы ресторандардын биринде жаңжал чыгып, ал трагедия менен аяктаган. Айыптоо тарабы Бишимбаев мас абалында жубайын катуу сабап, кийин муунтканын билдирген.

Соттун жыйынтыгында Куандык Бишимбаев төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган:

  • өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү;
  • системдүү түрдө күч колдонуу аркылуу физикалык жана психологиялык азап келтирүү.

Натыйжада Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылган.

Бишимбаев кийин соттун чечимин жеңилдетүүгө аракет кылган, бирок анын арызы канааттандырылган эмес. Учурда ал жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан