Биз социалдык тармакта

Депутат УКМК өкүлүнө: "Телефондордо "прослушка" барбы?"

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында атайын кызматтын өкүлүнөн телефон тыңшоо функциясы тууралуу сурады.

"Бардык телефондордо "прослушка" бар да. Бирок кандайдыр бир купуя сөз айтылгандан кийин иштейби же андай эмеспи? "Прослушка" барбы же жокпу?",- деди депутат.

УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тийиштүү кызматтардын телефондорду тыңшоосу мыйзамга ылайык гана жүргүзүлөрүн белгиледи.

"Атайын кызматтар же органдар телефонду уга турган болсо, ал функцияларды жарандар билишпейт.

Биринчиден, УКМК жана ички иштер органдары телефондорду тыңшоону Конститутциянын негизинде гана алып барат. Экинчиден, соттун чечиминин негизинде",- деди Эрбаев.

Атайын кызмат телефондорду "прослушка" кылабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан