Бишкекте Свердлов РИИБинин тергөөчүсүнө белгисиз жарандын үстүнөн урдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп берүү максатында акча сунушталды.
Райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1994-жылы туулган П.Н. аттуу жаран тергөө бөлүмүнүн кызматтык бөлмөсүндө акча берип жаткан жеринен кармалды.
Учурда ага карата пара берүү беренеси менен иш козголуп, тергөө уланууда.