Бүгүн, 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев шахмат оюнун өнүктүрүү боюнча парламент тарабынан кабыл алынган токтомдун аткарылышын караштыруу керектигин айтты.
Ал ар бир депутатка Шахмат федерациясы тарабынан шахматтар берилгенин белгилеп, бул аталган оюнга көңүл буруу аракети экенин билдирди.
"Чынында Өзбекстан, Казакстан бир топ алдыга кетти. Тилекке каршы, бизде дагы деле бир да гроссмейстер (ред.: шахматта берилчү жогорку наам) жок. Биз 2012-жылы атайын токтом кабыл алганбыз. Ошол токтомдун негизинде шахматка кандай көңүл бурулганын комитет караса",- деди ал.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев бул маселе комитетте караларын убада кылды.