Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Курулуш министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 13-майдагы жыйынында айтты.
Айтымында, буга чейин Курулуш министрлиги боюнча депутаттардан комиссия түзүлүп, кийин анын иши токтоп калган.
"Курулуштар, социалдык объекттердин курулушу, айлык маяналар боюнча сөз болду эле. Комиссия түзүп, ишти кайра жандандырсак",- деди депутат.