Биз социалдык тармакта

Миллиондогон сом... Алдамчылык менен алектенишкен деп шылуундар кармалышты

Жүк жеткирүү шылтоосу менен алдамчылык кылып келишкен деген шек менен 37, 41 жана 23 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар былтыр Бишкекте жайгашкан компанияга Орусиядан сатып алынган 44 тонна арматураны жеткирип берүүнү убадалашып, бирок жүктү Ошко алып барып сатып жиберишкен. Натыйжада компания 1 миллион 800 миң сом зыянга учураган.
Шектүүлөр 2022-жылы Бишкектен Ошко курулуш опалубкаларын жеткирүү милдетин алышып, бирок жүктү жеткирбестен сатып салышкан. Мындан улам жабырлануучу 1 миллион 669 миң сомдон ашык зыян тарткан. Алардын ушул сыяктуу бир катар шылуундук иштерге тиешеси бар экени аныкталган.
Жалпы 18 арыз түшүп, фактылар боюнча келтирилген жалпы материалдык зыян 24 миллион 419 миң 280 сомду түзгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМ алдамчылык менен алектенип келишкен шылуундарды кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан