Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Чогулушта жергиликтүү тургун облус башчысына Сапарбаев каналынан алынган 1 литр бөтөлкөгө куюлган кир сууну берип, эл бул суудан ичүүгө мажбур болуп жатканын белгиледи.
Айтымында, 60 миң калк Сапарбаев каналындагы сууну колдонот. Көйгөй 2020-жылдан бери чечилбей келет.