Бишкектеги соода борборлорунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү кызматы болушу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-майдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Эл өкүлү билдиргендей, балдардын кокустан жаракат алган фактыларынын көбү соода борборлорунун оюн аянтчаларында катталып жатат.
"Балдар ооруканасына күнүнө жаракат алган 450дөн бала кайрылат экен. Ооруканаларда кезекте турган энелерди көрүп жатабыз. Адистердин айтымында, алардын көбү соода борборлорундагы оюн аянтчаларынын жаракат алышат. Ал жердеги айрым оюн аянтчаларында биринчи жардам көрсөтө турган медицина кызматкерлери жок",- дейт депутат.
Эл өкүлү соода борборлорунун оюн аянтчаларында медицина кызматкерлери иш алып барса деген пикирин кошумчалады.