АКШнын президенти Дональд Трамп АКШны жана Кытайды дүйнөдөгү 2 супердержава деп атады. Ал мындай пикирин Кытайга учуп кетер алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Америкалык лидер өз өлкөсүнүн армиясы дүйнөдө эң күчтүү экенин, ал эми Кытай экинчи орунда турарын белгилеген.
Айта кетсек, Трамп 13-майдан 15-майга чейин Пекинде иш сапары менен болот. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.